KELECHEK
rek

Алматы: рейд учурунда мыйзамсыз жүргөн мигранттар кармалды

Алматы: рейд учурунда мыйзамсыз жүргөн мигранттар кармалды

Алматыда Өзбекстандын 13, Тажикстандын 9 жараны миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Казакстан аймагынан өз эрки менен чыгып кетүү тууралуу соттун чечимин аткарган эмес деген шек менен кармалды.

Алматы шаардык ички иштер департаментинин билдиришинче, экинчи жолу кармалган 22 жаран кылыш жоопкерчилигине тартылат. Шектүүлөр “чет элдик жумуш күчүн пайдалануу ыктымалдуулугу жогору” объектилерди – базарларды, коомдук тамактануу жайларын, курулуш жүргөн жерлерди текшерүү учурунда кармалган.

Маалыматтарга караганда, Казакстандын түштүк аймагында өткөрүлгөн “Нелегал” операциясы учурунда өлкөгө кирүү жана жүрүү тартибин бузду делген шек менен жүздөгөн чет элдик кармалган, алардын көбү административдик камакка алынган.

Казакстанда мындай рейддер маал-маалы менен болуп турат. Бирок соңку текшерүү өлкөдө коопсуздук чаралары күчөтүлгөн маалга туш келди.

21-майда Казакстанда нааразылык акциялары өтөрү жарыяланып, бирок ага бийлик уруксат берген эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53