KELECHEK
rek

Трамп: Түндүк Кореянын "мүмкүнчүлүктөрү жогору"

Трамп: Түндүк Кореянын

Дональд Трамп Түндүк Кореяга америкалык расмий топ барганын ырастады. Бул тууралуу АКШнын президенти "Твиттердеги" баракчасына жазып, өкүлдөр Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен болчу жолугушууга даярдык көргөнү барганын билдирди. Бул маалыматты мурдараак Мамдепартамент да тастыктаган болчу. Ага ылайык, Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу Түштүк Кореяга чектеш Пханмунжом шаарында өтөт.

Трамп "Түндүк Кореянын жогорку мүмкүнчүлүктөрүнө, келечекте экономикалык жана каржылык жактан өнүккөн өлкө болоруна ишенерин" билдирип, "Бул жагынан Ким Чен Ын мени менен макул. Ушундай болот!" деп жазган.

24-майда Ак үй Трамп Түндүк Кореянын лидери менен күтүлүп жаткан саммитин токтотконун, буга расмий Пхеньяндын билдирүүлөрүндөгү "ачык кастык" себеп болгонун жарыялаган. Бирок ишембиде президент Ким Чен Ын менен болжолдошкон убакта жолугушуу болорунан үмүттөнүп жатканын билдирген.

26-майда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кайрадан чек ара аймагында жолуккан. Бул кездешүүдөн кийин расмий Сеул Ким 12-июнга белгиленген саммитти өткөрүүгө макул болгонун кабарлаган.

Андан көп өтпөй Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги да Ким Чен Ын "Трамп менен жолугушуу өтүшү керек" деген "бекем эркин" билдиргенин жазып чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52