Өзбекстанда Мирзиёевди Нобель сыйлыгына көрсөтүү сунушталууда
Наманган облустук кеңешинин депутаты Олимжон Тухтаназаров
Наманган облустук кеңешинин депутаты, учурда Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясында иштеген Олимжон Тухтаназаров президент Шавкат Мирзиёевге Нобелдин тынчтык сыйлыгы берилиши керектигин айтты.
– Эл тарабынан берилген ыйгарым укуктарыман пайдаланып, Нобель сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнөн Өзбекстан президентине бул сыйлыкты ыйгарууну өтүнөм, – деди депутат Олимжон Тухтаназаров.
Бир кылымдан ашык тарыхы бар Нобелдин тынчтык сыйлыгы жыл сайын физика, химия, физиология же медицина, адабият, ошондой эле тынчтыкты бекемдөө ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылып келет. Депутат Олимжон Тухтаназаровдун айтымында, президент Мирзиёев бул сыйлыкты жогорудагы бардык номинациялар боюнча алууга татыктуу.
«Ал бул сыйлыкка «адабият» номинациясында татыктуу. Анткени президент адабияттын өнүгүшүнө жакшы көңүл бурууда. Ал «тынчтыкты бекемдөө ишмердүүлүгү үчүн» номинациясы боюнча дагы сыйланса болот, азыр Өзбекстанда тынчтык өкүм сүрүүдө. Президент ошондой эле бул сыйлыкты илим тармагы боюнча да оңой эле ала алат. Ал ата мекендик журналистикага көңүл буруп, атайын университет дагы ачты. Жакында швециялыктар өзүлөрү келип, биздин Журтбашыбызга Нобелдин тынчтык сыйлыгын тапшырат деп ойлоп жатам», – деди Тухтаназаров.
Буга чейин Өзбекстандын Либералдык-демократиялык партиясы «Менин пикирим» порталы аркылуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге «Өзбекстан баатыры» наамын ыйгарууну сунуштап, бул демилге он миңден ашык адамдын колдоосун тапкан.
Ал ортодо партия жетекчилеринин бири Олимжон Тухтаназаровдун бул сунушун колдой турганын айтты. «27-апрелде биз президентке эң жогорку «Өзбекстан баатыры» наамын ыйгарууну демилгелегенбиз. 24-майга карата ал сунушубузду он миңден ашык киши колдоду. Менимче, президентке бул наамдын берилишин миллиондогон жарандар күтүп жатышат. Материалда менин ысымымды жазбашыңарды өтүнөм. Айрымдар мунун баарын президентке жагыш үчүн айтып жатат деп ойлобосун», — деди ал.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









