Ооганстанда 12 аскер кызматкери өлтүрүлдү
“Талибан” жоочулары Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн 12 кызматкерин өлүм жазасына тартты. Окуя өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү Газни провинциясында катталды. Бул чөлкөмдү буга чейин согушкерлер тартып алган.
Ооганстандын расмий өкүлдөрүнүн кабарлашынча, алардын ичинен жетөө полиция кызматкери, үчөө аскер жана экөө атайын кызматтын өкүлдөрү болгон.
Аскердик чалгын кызматы билдиргендей, “Талибан” жоочулары 12 адамды Андар районунда, жергиликтүү жашоочулардын көзүнчө өлтүргөн. Өч алуудан мурун аларды өткөн жумада провинциянын ар кыл аймагынан уурдап кетишкен.
Бул арада Ооганстандын Кундуз провинциясында шейшембиде “Талибан” жоочулары автобусту токтотуп, 40 жүргүнчүнү барымтага алган. Жарым ай ичинде эле аталган аймакта экинчи жолу автобус согушкерлердин кылтагына кабылды. Полиция маалымдагандай, жүргүнчүлөрдүн жетөө жоочулардан качып кетүүгө үлгүргөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05