Чүйдө милиция бөлүмүндө кармалган киши кызды бычактап салды
Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө кармалган киши жанындагы кызды бычактап салып, андан соң өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милиция кабарлады.
27-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБне никеге мажбурлап тургузуш үчүн кыз ала качуу аракети жөнүндө арыз түшкөн. Милициянын Бишкек шаардык жана Чүй облусунун бардык райондук бөлүмдөрүнө шектүү киши тууралуу багыттама жөнөтүлгөн.
Бир канча убакыттан кийин “Сосновка” постунда 29 жаштагы айдоочу башкарып бараткан “Subaru Outback” үлгүсүндөгү машине токтотулган. Анда эки жүргүнчү - 30 жаштагы эркек жана 20 жаштагы кыз болгон. Алар Жайыл райондук милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция кызматкери алардын документтерин толтуруп жаткан маалда кыз кабыл алуу бөлмөсүндө отурган. Бир убакта кармалган киши бөлмөгө кирип кетип, эшикти ичинен жаап алган. Милиция кызматкерлери ызы-чуу болуп кеткен бөлмөнүн эшигин талкалап кирип, канга бөлөнгөн кызды көрүшкөн. Шектүү киши кызды бычактап, андан кийин өзүн да жарадар кылган.
Окуядан кийин дароо "Тез жардам" кызматы чакырылып, жабыркагандар Жайыл райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам жандандыруу бөлүмүндө эсине келе албай каза болгон. Кол салган киши ооруканада дарылууда.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча ("Киши өлтүрүү") кылмыш иши козголгон. Экспертизалар дайындалды, тергөө уланууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05









