KELECHEK
rek

Талас-Тараз-Суусамыр жолун оңдогондор иш ташташты

Талас-Тараз-Суусамыр жолун оңдогондор иш ташташты

Аталган жолду оңдоонун үчүнчү фазасында иштеп жаткандар төрт айдан бери маяна албагандыктан иш ташташкан. Бул тууралуу «Азаттыкка» стратегиялык маанидеги жолду реконструкциялап жаткан «Кыргыз жол курулуш» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчисинин орун басары Болотбек Сейдакматов билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчулар бир жумадан бери ишке чыга элек. Жалпысынан 50дөн ашык киши жолдун четиндеги тротуарларды оңдоп жаткан.

Ал эми жол куруу ишин толугу менен моюнга алган, тагыраагы жумушчуларга маяна төлөп бериши керек болгон "Чакыр йапы Санайи ве Тижарет" компаниясынан азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Талас-Тараз-Суусамыр автоунаа жолунун үчүнчү фазасы былтыр август айында аягына чыкмак. Бирок түрдүү себептерден улам жолду пайдаланууга берүү быйылкы жылдын июнь айына калтырылган.

Былтыр сентябрда Талас-Тараз-Суусамыр жолунун 87-чакырымында көпүрө курган курулушчулар да айлык акысын толук ала албай жатканына нааразылыгын билдиришкен эле.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53