KELECHEK
rek

Экстремизм жана терроризмди пропаганда кылгандарга жаза күчөтүлөт

Экстремизм жана терроризмди пропаганда кылгандарга жаза күчөтүлөт

Жогорку Кеңеш Террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөш жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул туурасында парламентин расмий сайтында жарыяланды.

Демилгечилердин бири, депутат Улан Примовдун айтымында, документ эл аралык терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Анда террорчулук же экстремисттик уюмдарга үгүттөп, аларды ачык колдогондорду административдик жоопкерчиликке тартуу сунушу камтылган. Ошондой эле куралдуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарга жашы жете электерди алып баргандар, террорчулукту жаап-жашыргандар, мамлекеттик же коомдук ишмерлердин өмүрүнө кол салгандарды катаал жоопко тартуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындан тышкары, террорчулук жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмышкерлерге мунапыс, жеңилдетилген жаза бербөө да сунушталууда.

Расмий маалымат боюнча ушул тушта Сирияда ар кайсы террордук топтордун катарында жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашып кетти, алардын ичинен 122си аялдар. Согуш талааларында 40тай жаран көз жумду.

Атуулдарды азгырыктан сактоо максатында атайын кызматтар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул

Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....

УКУК 2016-05-04  16:03

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда

Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...

УКУК 2016-05-04  16:16

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды

Тажикстанда сот  бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...

УКУК 2016-05-04  16:20