Тажикстан УКМКсы: "Зелло" - террордук топтордун трибунасы
Тажикстан Улуттук коопсуздук комитети террордук жана экстремисттик уюмдар Зелло интернет-рациясы аркылуу өлкө жарандарын катарына тартып жатканын билдирди.
«Акыркы жылдары Тажикстан Кайра жаралуу партиясы жана «Группа 24» экстремисттик тобу пропаганда жана үгүт жүргүзүү, тажик жаштарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарына тартуу үчүн тажик калкына каршы багытталган антиконституциялык ишмердүүлүгүн Зеро тиркемесин колдонуу аркылуу ишке ашырууда» деп эсептейт тажик атайын кызматы.
Тажикстан Улуттук коопсуздук комитети бул боюнча он минуттук даректүү тасма даярдап, 21-май күнү тажик каналдары аркылуу көрсөттү.
Тасмада терроризм үчүн соттолгон айрым жарандардын маегине орун берилген. Алар террордук топтордун катарына оппозиционерлердин чакырыгы менен Зелло интернет-рациясы аркылуу кошулушканын моюндарына алышкан.
Даректүү тасма ондогон киши Ирандын Душанбедеги элчилигинин алдына чогулуп, бул өлкөгө жана диний партияга каршы акция өткөргөн күнү көрсөтүлдү. Алар Иран өлкөдө тыюу салынган Тажикстан Кайра жаралуу партиясын колдойт деп эсептешет.
Ислам партиясы менен «Группа 24» өкүлдөрү Тажикстан атайын кызматынын билдирүүсүнө жооп кайтара элек. 2015-жылы Тажикстан ИИМи өлкөдө тыюу салынган сайттардын тизмесин жарыялаган, алардын катарына Zello радиосу (http://zello.com) да киргизилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









