Москва Интерпол аркылуу 28 тажик жаранын издөөдө
Абдушахид Турсунов
Орусия бийлиги Интерпол аркылуу “Ислам мамлекети” террордук тобуна кирип кеткен Тажикстандын 28 жаранын издөөдө.
Алардын көбү буга чейин Орусия аймагында туруп, теракттарды даярдоого катышып, террордук топко жаңы мүчө болгон кишилерди Сириянын согуш талааларына жөнөтүп, тыюу салынган диний агымдардын идеаларын жайылтып турушкан.
Күн мурун эл аралык полициянын кызыл тизмесине Рудаки районунан чыккан 32 жаштагы Абдушахид Турсунов же Абу Саид кошулду. Ал 2014-жылы Орусиядан Сирияга жер которгон.
Абдушахид Турсунов терроризмге айтыпталууда, ал 2015-жылы тажик президенти Эмомали Рахмонго кол салууну пландаган. Бул кылмыш ишинин негизинде анын шериктери Дилафруз Холов менен Изатулло Фузайлов соттолгон.
Алар Рахмонду 2015-жылы сентябрда Вахдатка жасаган жумуш сапары учурунда өлтүрүүгө аракет жасашкан. Дилафруз Холов азыр Сирияда жүргөн Абушахид Турсуновдун (Абу Саида) ортомчулугу менен ИМ тобуна кошулуп кеткен Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири Гулмурод Халимов менен байланышууга ниеттенген.
Расмий маалыматтар боюнча Тажикстандын 2,5 миңден ашуун жараны терроризм жана экстремизмге катышы бар деген айып менен Интерполдун издөөсүнө алынган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









