Жалал-Абад шаарында жалпы 27 миң 414 кыймылсыз мүлк бирдиги бар
Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоо башкармалыгынын кыймылсыз мүлк боюнча статистикалык жалпы маалыматтарына караганда, шаар боюнча 27 миң 414 кыймылсыз мүлк бирдиги бар. Бул тууралуу маалыматты аталган башкармалыктын жетекчиси Алымбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда шаардыктардын кыймылсыз мүлктөрүн каттоодо ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Мекеменин кабыл алуу бөлмөсүнө кайрылып келген жарандар үчүн атайын дубал газеталарда мүлктү каттоо үчүн керек болгон бардык маалыматтар көрсөтүлгөн. Андан тышкары, шаардыктардын кыймылсыз мүлктү каттоодо кандайдыр бир суроолор жана түшүнбөстүктөр болсо биздин адистерден да кошумча маалымат ала алышат.
“Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын мүлктү каттоодогу ыңгайлуулугун эске алуу менен атайын электрондук почта аркылуу да каттарды, арыздарды кабыл алып, аларга өз убагында жооп берип келебиз. Азыркы учурда мамкаттоо башкармалыгына кыймылсыз мүлккө болгон укуктар кимге тиешелүү, аны териштирүүлөр жөнүндө жалпы бөлүм аркылуу 381 арыз келип түшкөн. Учурда кардарлардын бардык талаптары канааттандырылды,- дейт А. Осмонов.
Мындан сырткары, жерге жайгаштыруу бөлүмүндө КР Өкмөтүнүн “Даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоонун жакшыртуу жөнүндөгү” токтомунун негизинде “Даректик регистр” тутумун түзүүнүн 3-этабы жүргүзүлүүдө. Негизги максат - кыймылсыз мүлк бирдигинин базасы менен картографиялык материалдардын дал келтирилишин тактоо болуп саналат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13