Жалал-Абадда энелердин майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди (ФОТО)
Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармонияда энелер күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар катышышты.
Майрамдык салтанатта Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Муктарбек Тургунбаев бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилешип, жалпы апаларды энелер күнү менен куттукташты.
“Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне – үйдүн куту, турмуштун туткасы. Энелер ажарлуу жүздөрү, айкөлдүгү менен биздин турмушубуздун көркүн ачып, ынтымактын, биримдиктин данакери жана сулуулуктун символу болуп келишет”, - деген куттуктоо сөздөр айтылды.
Майрамдык иш-чаранын негизинде Р.Алтымышбаев менен М.Тургунбаев уул-кыздарды татыктуу тарбиялап, өстүрүү менен бирге үзүрлүү эмгек жасап, жогорку жигердүүлүктү көрсөтүп Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн 25 аялга ыраазычылык баракчасын, 150 аялга 500 сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
Мындан сырткары, КР “Кыргыз тили” коомунун “Ыйык тили” төш белгиси менен 5 аял сыйланды.
Андан кийин, майрамдык салтанаттын катышуучуларына белгилүү обончу жана аткаруучу Арзибек Бедияров, Эмил Балтагулов жана филармониянын ырчылары жагымдуу ырларды тартуулашса, “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары ырдап, бийлеп беришти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13