Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот - адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция
“Акылман бабабыз Калыгул олуянын “Адилеттик атка мингизет, ач көздүк көргө киргизет” деген сөзүн эсиӊиздерге салгым келет. Сот деген - адамдар адилеттик издеген акыркы инстанция, судьялар Кудай алдында да, өз абийринин алдында да өтө таза, акыйкат инсандар болушу керек”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 17-майда анын төрагалыгында өткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин жыйналышында.
Президент реформаны аткарууга милдеттүү мамлекеттик органдар бир ыргакта, бир багытта иш алып баруусу зарыл экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы реформанын жүрүшүн такай мониторинг кылып туруу максатында тиешелүү жумушчу топ түзүлөөрүн айтты. Анын курамына кеӊештин мүчөлөрү да кирет.
Президент Сооронбай Жээнбеков берилген сунуштар менен сын-пикирлерди Өкмөт жана Жогорку сот эске алышы керектигин айтып, Өкмөт тийиштүү мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна киргизүүнү тездетүүгө чакырды.
“Сот системасын өзгөртүү – коомду өзгөртөт, биздин өнүгүүбүзгө кедерги болгон факторлор жоюлат. Ошондо гана өлкөбүз өнүгөт. Сот-укуктук реформасы менин жеке көзөмөлүмдө болот”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









