KELECHEK
rek

Ош: Абжалов көчөсүнө көгүлтүр от берилди

Ош: Абжалов көчөсүнө көгүлтүр от берилди

Кечээ, 8-июнь күнү Ош шаарындагы Макамбай Абжалов көчөсүнө көгүлтүр от берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Мирлан Исраилов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шакир Зулимов, “Гаспром Кыргыстан” ЖЧКсынын Оштогу филиалынын жетекчиси Рашид Тагаев, мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан вице-мэр М.Исраилов шаардыктардын жакшы саамалыгы менен куттуктап, М.Абжалов көчөсүндөгү көгүлтүр от түтүктөрүн шаардыктарга жеткирүү багыты боюнча маалымат берди.

-  Аталган көчөнү көгүлтүр от менен камсыз кылуу иштерин эки этап менен жүргүзүп, бүгүн берилди. Биринчи этабы 2008 –жылы башталып, 2000 метр газ түтүгү тартылган.Калганы акча каражатынын тартыштыгынан токтоп турган. Курулуш объектисин жандандыруу максатында Ош шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттинин эсебинен, 2015-жылы титулдук баракчага киргизген. Курулуш иштери өткөн жылдын сентябрь айында башталган,- деди М. Исраилов.

Ошондой эле, салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө вице-мэр М. Исраилов Ош шаарынын мэриясынын атынан көгүлтүр от түтүгүн тарткан курулуш ишканасынын жетекчисине жана прорабына ыраазычылк баракча жана акчалай сыйлык тапшырды.

Достук жана Жапалак айыл аймагында жайгашкан Абжалов көчөсүнө тартылган көгүлтүр от түтүгүнүн жалпы узундугу 3850 метр, жалпы суммасы 4 млн.518 миң сомду түздү. Газ түтүгү тартылган аймакта 30га жакын көчө, 600дөй үй жайгашкан.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Ош шаарынын 215 кварталына 1056 метр жерге, Жапалак айылына 3411 метр жерге көгүлтүр от тартылып, шаардыктарга пайдаланууга берилген. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13