KELECHEK
rek

Өкмөттүн өкүлү Сатыбалдиев Аксы районундагы сел жүргөн аймактарды жеринен көрдү (ФОТО)

Өкмөттүн өкүлү Сатыбалдиев Аксы районундагы сел жүргөн аймактарды жеринен көрдү (ФОТО)

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү иш сапары менен Аксы районуна барып, 14-май күнү табият кырсыгы болуп, сел жүргөн аймактарды жеринен көрдү. 

Иш-сапардын алкагында өкүл Сатыбалдиев Аксы районундагы Ак-Суу айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушуп, тургундардын көйгөйлөрүн укту. Жергиликтүү жашоочулар жол, мектеп, бала-бакча, саламаттыкты сактоо тармагы, жөлөк пул ж.б. маселерди көтөрүп, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берилди. Ошондой эле, Ак-Суу айыл аймагындагы №12-К.Шеркулов орто мектебинин абалы менен таанышып, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербеген, окуу бөлмөлөрү тар шартта иштеп жаткан мугалимдерге ыраазычылык билдирүү менен, жаңы мектептин курулушун баштоону колго ала тургандыгын билдирди.

Өкүл Кыянбек Сатыбалдиев Аксыга болгон иш сапарында 14-май күнү тарбият кырсыгы болуп, сел жүргөн аймактарды жеринен көрдү. Семет айылындагы селдин агымынан жарака кетип, урай баштаган көпүрөнү тез арада калыбына келтирүү жагын колго алууну, Мундуз айылындагы суу түшкөн каналдын жээктерин бекемдөө жана жолдорду атайын техникалардын жардамы менен тегиздөө иштерин ыкчам улантууну тапшырма берди. Ал эми Кош-Дөбө айыл аймагындагы сел түшүүчү каналдардын абалы менен таанышып, табият кырсыгынан жапа чеккен тургундар менен жолугушту.

Андан кийин, ыйгарым укуктуу өкүл Аксы районуна болгон иш сапарынын алкагында  Кербен шаарынын активи менен жолугушту. Жыйынга райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү катышышты. Өкүл өз сөзүндө жаралган көйгөйлөрдү ыкчам чечүүнү, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууну жана 2018-жыл "Аймактарды өнүктүрүү" жылынын алкагында элет жерлерине өзгөчө көңүл буруп, эл менен тыгыз иштешүү керек экендигин баса белгиледи.

Жыйындан соң, 7,4 км чакырым узундуктагы Ак-Терек каналынын курулуш иштери жана каналдын 2044 метри өтүүчү тоннелди көрдү. Белгилей кетсек, сыйымдуулугу 9,2 м кв/секундду түзгөн каналды 2023-жылга бүтүрүү пландаштырылган.

 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41