KELECHEK
rek

Примов жеке компаниялардын эсебинен сыртка чыгууга тыюу салууну сунуштады

Примов жеке компаниялардын эсебинен сыртка чыгууга тыюу салууну сунуштады

Парламенттин 17-майдагы жыйынында ЖЭБ маселесин иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын мүчөсү Улан Примов жеке компаниялардын эсебинен аткаминер, депутаттардын чет мамлекеттерге барышына тыюу салуу демилгесин көтөрдү:

- Кытай Кыргызстан эгемендик алгандан тартып ар тараптан жардам берип келет. Өлкөнүн тышкы инвестициясынын басымдуу бөлүгүн Кытай ээлейт. Биз эки элдин ортосундагы мамиле мындан ары да жылуу жана достукта болоруна ишенебиз. Бирок ар бир мамлекет өз мүмкүнчүлүгүнө жараша өзүнүн тышкы жана ички карыздарын көзөмөлдөп, талдап турушу зарыл. Азыртан тышкы карызды төлөө аракетин көрүшүбүз керек. Мындай чоң кредиттерди алууда сөзсүз кетирген кемчиликтерди эске алуу менен компаниялардын ишине көз салып, акча туура пайдаланылып жатабы же кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгына сарпталып жатабы, аларды тыкыр текшерип, коомчулукка тааныштырып турууга тийишпиз. Ошондой эле депутат, министр, мамлекеттик кызматкерлердин жеке компаниялардын эсебинен сыртка чыгышына мамлекеттик деңгээлде тыюу салыш керек.

Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө ЖЭБди модернизациялоо тууралуу Кытай менен келишим парламенттен ратификация болгонго чейин ТВЕА компаниясынын ишмердиги менен таанышуу үчүн депутаттардын ар башка эки тобу Кытайга бир сыйра барып келгени аныкталган. Мындан сырткары өкмөттүн жана министрликтердин өкүлдөрү да келишимдин шарттарын макулдашуу максатында барганы белгилүү болгон.

Буга чейин парламенттеги талкуу учурунда ​Кытайга иш сапар менен барган депутаттар тобуна да баа берүү сунушу айтылган.

ЖЭБди модернизациялоого Кытайдын "Эксимбанкынан" 386 миллион доллар насыя алынган. Модернизациялоо ишин кытайлык ТBЕА компаниясы жүргүзгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38