
КЫРСЫКТАН КОРГОНУУ ДАЯРДЫКТАРЫ КӨРҮЛДҮ

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаалдар мезгилинде калкты коопсуз аймактарга көчүрүү, атуулдарга эң керектүү алгачкы жардамдарды көрсөтүү багытында жарандык коргонуунун командалык-штабдык машыгуусу өттү.
Облустук деңгээлде уюштурулган бул машыгууга облустун борборундагы жарандык коргонуу кызматтары, жалпы 33 мекеме-ишканалар катышышты. Машыгуулар жарандык коргонуу багытында област аймагындагы мекеме-ишнканалардын канчалык даярдыкта экени белгилүү болду.
Жалал-Аабад облусунун борборунда өткөрүлгөн жарандык коргонуу багытындагы бул машыгуулар жаралган өзгөчө кырдаалдардан улам калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөдү. Эгер коркунуч жаралса, атайын адистер жетип барганга чейин жасала турган аракеттер жана атуулдарга жардам көрсөтүү жолдору үйрөнүлдү. Бул жагынан тийиштүү мекеме-ишканалардын даярдыгы болушу абзел.
Машыгуу учурунда эгерде Жалал-Абад шаар аймагында өзгөчө кырдаал жаралса, саны 1500гө чейинки атуулдарды коопсуз жайларга ыкчам жайгаштыруу мүмкүн экени белгилүү болду. Окутуу-машыгуулар чараларынын алкагында өзгөчө кырдаалдар убагында жасалуучу аракеттер практика жүзүндө өздөштүрүлдү.
Машыгуу учурунда калкка медициналык ыкчам жардам көрсөтүү чаралары иштелип чыгылды. Медициналык биринчи жардамды көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдар учурундагы өз ара шайкеш аракеттер каралды. Ошондой эле медициналык дарылоо мекемелеринин кайрылгандарды үзгүлтүксүз кабыл алуусун уюштуруу жагы көздө тутулду.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 29-апрелинде Сузак районунун Сары-Булак айылынын жанында көчкү жүрүп, Көк-Арт дарыясын бууп натыйжада Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун бир топ айылдарын суу каптоо коркунучу жаралган. Мындан улам атайын машыгууларды өткөрүү, коргонуу тактикаларын иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыккан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41