Ош шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Сабиров Шухрат Маматалиевич конкурстук тандап алууга чейин Ош шаарынын шаар куруу жана муниципалдык менчик тармагын тейлеген вице-мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменттин директору Исраилов Мирлан Кубанычович ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 69-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренесине ылайык которуу жолу менен Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Эскерте кетсек, М.Исраилов 2016-жылдын 22-февралынан тартып Ош шаарынын шаар куруу жана муниципалдык менчик тармагын тейлеген вице-мэрдин милдетин аткарып келген.
Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Пирматов Алтынбек Абдимиталипович ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 69-беренесине, «Мамлекеттик жарандык кызмат жан муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, которуу жолу менен Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменттинин директору болуп дайындалды.
Аталган буйруктарга 8-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12