Ошто зилзаладан жабыр тарткандарга акчалай жардам берилди
Кечээ, 8-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 17-20 ноябрь Ош шаарында күчү 6 баллга жеткен жер титирөөдөн жабыр тарткан, IV-даражадагы 34 жеке турак жай ээлерине акчалай жардамды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, бүгүнкү күндө, шаарда жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандарга жакындан жардам катары чет мамлекеттерден, министрликтерден, ведомостволордон, мекемелерден, ишканалардан, коомдук бирикмелерден жана жеке ишкерлерден акча каражаты келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде, Ош шаарынын мэриясынын атайын эсебине 3 млн. 816 миң 739 сом акча каржаты бөлүнгөн.
Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев табият кырсыктары кайталанбасын деген тилегин билдирип, зилзаладан жабыр тарткан жарандарга мамлекет тарабынан колдоо болуп тураарын билдирди.
- Зилзалада эн негизгиси адам өмүрү кыйылган жок. Ал эми келип түшкөн акча каржатын IV-даражадагы жабыр тарткан 34 жарандын ар бирине 112 миң 257 сомдон бөлүп берип жатабыз. Бул мамлекет башчысынын жана өкмөттүн жеке тапшырмасы. Кырсык айтып келбейт экен. Элдин ынтымагы, биримдиги, мекенчилдиги ушундай учурларда билинээрин сезип олтурабыз”, - деди А. Кадырбаев.
Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бөлүнүп жаткан акча каражатын жеке көзөмөлгө алып, ар бир жабырлануучуга өз колу менен талондорун тапшырды. Алар Ош шаарынын мэриясынан бөлүнгөн жардамдарын алышты.
Белгилей кетсек, 2015-жылдын 18-ноябрынан 2016 - жылдын 16-февралына чейин шаар аймагындагы жабыркаган жарандардын арыздарынын негизинде 265 социалдык объекттер жана жеке турак-жайлар жеринде иликтенип жыйынтыгында III-даражада 55 жана IV-даражада 34 жеке турак-жай кооптуу деп табылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13