ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ЕККУ КЫЗЫКДАР (ФОТО)
Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Жалал-Абад шаарынын коопсуздугуна жана экономикалык жактан ырааттуу өнүгүшүнө кызыкдар. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси Пьер фон Аркс баш болгон ушул уюмдун өкүлдөрү менен Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги ортосундагы сүйлөшүүлөр учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Шаар мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев ЕККУ Жалал-Абад шаарынын укук коргоо кызматтарын техникалык жактан колдоо, башка да чөйрөлөрдө тийиштүү долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу пайдалуу кызматташтыкты ишке ашырып келатканы үчүн ЕККУнун өкүлдөрүнө ыраазылык билдирди. Ошондой эле жалпы коопсуздук жана башка чөйрөлөрдөгү ушундай кызматташтык улантыла беришинин зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Пьер фон Аркс мырза Кыргыз Республикасынын Президенти аймактарды өнүктүрүү боюнча атайын жарлык чыгарып, бул жагынан өз ара пайдалуу кызматташтыктарды арттырууну зарыл деп эсептеди. Ушул максатта Жалал-Абад шаары менен кызматташуунун алкагында жакынкы келечектеги зарылдыктар боюнча баарлашкысы келгенин айтты.
Шаар жетекчиси Т. Темирбаев шаарда коомдук коопсуздук маселелери биринчи орунда турарын билдирип, бул багытта мектептерде, коомдук жайларда жана унаа жолдорундагы коопсуздукту камсыз кылуу жагынан кызматташса болорлугун айтты. Ошондой эле укук коргоо органдарын техникалык жактан камсыздоо боюнча да кечиктирилгис маселелер барлыгын ортого салып, селсаяктардын коопсуздугун, алардын социалдык жана башка укуктарын ишке ашыруу жагынан атайын долбоорлор ишке ашырылса деген ниетин билдирди.
Пьер фон Аркс мырза экономикалык жана адам укуктары чөйрөсүндө да кызматташууга даяр экендиктерин айтып, коомдун радикалдашуусунун, ар кандай экстремисттик көрүнүштөрдүн өөрчүп кетишинин алдын алуу багытында аракеттер болорун, ошону үчүн да коомдогу ар кайсы чөйрөлөрдө иштер алып барыларын белгиледи. Элементардык эле жол жана өрт коопсуздугу боюнча да атайын иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташуу зарылдыгын айтты.
Тараптар аялдар, дин маселелери, адам укуктарынын сакталышы жана корголушу, жеке адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жагынан кызматташуу боюнча өз ара пикирлерди ортого салышты. Ошондой эле кыска убактагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу актуалдуу жана пайдалуу болгонун белгилешти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13