KELECHEK
rek

Сириядагы оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөргө келди

Сириядагы оппозиция өкүлдөрү Астанадагы сүйлөшүүлөргө келди

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаков Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү Астанага бүгүн келгенин билдирди. Анда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Орусия, Иран жана Түркиянын демилгеси менен башталган сүйлөшүүлөрдүн тогузунчу айлампасы өтүүдө.

«Бүгүн эртең менен Астанага Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү келишти. Жалпысынан 24 киши. Делегациянын башында Ахмад Тома турат», — деди Жайнаков.

Анын айтымында, пленардык жыйын бүгүн күндүн экинчи жарымында өтөт. Жайнаков кечээ Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөр АКШ өкүлдөрүнүн катышуусусуз өтүп жатканын билдирген. Кошмо Штаттар буга чейинки жолугушууларга делегациясын дайыма жөнөтүп келген.

14-майда Орусия президентинин Сирия боюнча атайын өкүлү Александр Лаврентьев Москва дале болсо Вашингтон сүйлөшүүлөргө катышат деп үмүттөнүп жатканын билдирген.

Сирияда Орусия менен Иран президент Башар Асаддын өкмөтүн колдойт. Кошмо Штаттар менен Түркия бийликке каршы чыккан козголоңчу топторду кубаттоодо. 2011-жылы мартта согуш башталгандан бери Сирияда 330 миңден ашык киши өлүп, миллиондогон адам качкынга айланды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52