ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ ЖҮРГӨН АЙМАКТАРГА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ НУРБОЛОТ МИРЗАХМЕДОВ БАРАТ
Бүгүн, 14-майда Баткен облусунун Лейлек районундагы сел жүргөн аймактарга Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов барат. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында 2018-жылдын 13-май күнү саат 16:33 чамасында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен саат 17:15 чамасында Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Чимген айылында 2 турак үйдү суу каптаган жана 15 турак үйдүн короосун суу каптаган. Ошондой эле Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Акчайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө суу кирген жана Караташ айылында ички чарбалык унаа көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Ак-Суу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган КР Унаа жана жол министрлигине караштуу №13 Жол тейлөө ишканасынын балансындагы ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын сел суусу жууп кетип, жол каттамы жабылган. Ак-Суу айылынан 7 бодо малды жана 2 электр мамычасын сел суулары агызган.
КР ӨКМнин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы, КР ӨКМнин №74 өрт-куткауу бөлүгүнөн 1 бөлүм, КР ӨКМнин Тоо-кен кырсыктарынан куткаруу кызматынын Сүлүктү шаарындагы №1 өзүнчө мобилдик взводунан 6 куткаруучу, №13 ЖТИден 1 жүктөгүч жана РЭСтен 1 ыкчам топ, КР ӨКМнин 3-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 50 куткаруучу тартылып, Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр балдар интернатынын жер төлөсүнө каптаган сууну саат 21:00дө толук тазалашты. Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо иштери улантылып жатат. Ошондой эле жолдорду калыбына келтирүү, сел суулары кирген турак жайлар менен социалдык обьектилерди тазалоо жумуштары улантылууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05