Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Сочиге учуп кетти
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Сочи шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Бирликтин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо маселелери талкууланат.
Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия республикабыз Бирликтин алкагында эки жылдын аралыгында жетишкен негизги жыйынтыктарды чагылдырган “Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык бирликтеги эки жыл. Алгачкы жыйынтыктар” аттуу докладды сунуштамакчы.
Ошондой эле, Сооронбай Жээнбековдун Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу болжолдонууда. Жолугушууда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык спектрин, ошондой эле евразиялык мейкиндикте интеграциялык өз ара аракеттенишүүнү алдыга жылдыруу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
Мындан тышкары Президент Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









