KELECHEK
rek

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Закиров Абдулазиз кары: “Орозо бизди сабырдуулукка үйрөтөт”

Кыргызстандын калкынын 90 пайызы Ислам динин карманышат. Мына ушул Ислам динин карманган мусулмандар үчүн ыйык орозо айы кирип келе жатат. Орозо айынын башталышында Жалал-Абад облустук мусулмандар казысы Абдулазиз Закиров кары менен болгон маекти окурмандарга сунуш кылабыз.

- Абдулазиз кары, мына ыйык орозо айынын башталышында турабыз. Сиздин жалпы мусулмандарга болгон каалооңуз жана быйылкы орозо айы эмнеси менен өзгөчөлөнөт, ушул багытта айтып берсеңиз?

- Алла ыраазы болсун! Мээримдүү жана ырайымдуу болгон жараткандын ысмы менен 11 айдын султаны болгон ыйык рамазан айы менен бардык диндеш мусулман бир туугандарымды куттуктап кетем. Себеп дегенде, бул ыйык орозо айында биз кудай тааланын буйругуна моюн сунуп, өзүбүздүн напсибизди, ички дүйнөбүздү тарбиялап жатабыз. Андыктан, Жараткан Алла таалам кудайдын буйругуна моюн сунуп туткан орозолорубузду, түнкүсүн окуган тараби намаздарыбызды, берген фитир садакаларыбызды Жараткан өзү кабыл кылсын! Алла таалам керемет ыйык аятында: “Оо, ыйман келтиргендер, силерден мурункуларга парыз кылынган сыяктуу эле, такыба болушуңар үчүн, силерге да орозо парыз кылынды. Биздин мурунку доордогу ыйман келтиргендер, кудайдын буйругуна моюн сунуп орозо туткандар сыяктуу эле, сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед Мустафа салоло вассоломдун үмөтү бизге да орозо тутуу парыз кылынды”. Эмне себептен? Себеби, такыба болушуңар, кудайдан чындап коркууңар үчүн орозо тутуу берилген. Биз орозо кармаган мезгилде кудайга жакындайбыз. Ошол эле учурда кудай берген дөөлөттөргө, нематтарга шүкүр айтабыз. Башка мезгилде ичип жаткан суунун, тамак-аштын кадырына жетебиз. Ушул кудай таалам тарабынан дөөлөт катары берилип жатканын өзүбүздүн денебиз менен сезебиз.

Андан сырткары, орозо дене мүчөбүздү, ашказаныбызды тарбиялоо жагында сүйүктүү пайгамбарыбыз: “Орозо ден соолукту чыңдайт”- деп айткан. Орозо кармоо менен биз ден соолугубузду чыңдайбыз. Ошол эле учурда ички дүйнөбүздө, сезимдерибизде кудайга болгон жакындообуз, коркуу сезимдерибиз көбөйөт. Сүйүктүү пайгамбарыбыз: “Орозо кармаган адамдын унчукпай туруусу, кудайды даңазалоо менен барабар” – деп айткан. Мисалы, орозо кармаган адам таңзаардан курсагы ачка болгондуктан, алы куруйт, чарчайт. Ошол учурда бир жерге отуруп, унчукпай эс алат. Ушул мезгилде унчукпай эс алганы таспи катарында эстери деген сооптуу ыйгарып коёт. Мына орозонун берекеси. Орозо туткан адамдын уйкусу ибадаттын ордуна өтөт. Чарчады, чаалыкты, бир жаздыкка баш коюп уктаган болсо, ошол уйкусу ибадат катары кетет. Ал эми орозодо бир адамга жакшылык кылган болсо, ал жакшылыгы да көбөйтүлүп берилет. Мындан сырткары, орозо айында соопчулук, кайрымдуулук иштер көп болот. Себеби, орозо туткан адамдын курсагы ачканда жетим-жесирдин акыбалын жакшы билет. Демек, булардын үйүндө бир жумада бир тамак бышат турбайбы деп билет. Булардын курсагы ачат турбайбы деген сезимдер менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, кары-картаңдарга, жетим-жесирлерге кайрымдуулук колун сунат. Мына динибиз социалдык жактан да кандай жакшы иштерди жасоону бизге көрсөтүп келет.

Орозону кыз балдар 9 жаштан, ал эми эркек балдар 12 жаштан кармоо шарыятта парз болот. 

- Мектеп окуучуларынын орозо кармоосу кандай болот? Окуусуна бир аз тоскоол болбойбу?

- Эми балдарыбыызды орозо кармоого ата-энеси да кызыктырыш керек. Орозо бул эч качан ден соолукту бузбайт. Эгерде иммунитети төмөн, тамак ичпесе башы-көзү айланган адамдарга дарыгерлер орозо тутууга болбойт десе, андайларга орозо тутпоого шарыят уруксат берет. Ал эми ден соолугу чың болгон адамдар орозо тутса жакшы болот кудай буйруса. Ден соолугу жакшы эмес мусулмандар дарыгерге кайрылып, анализдерин текшерткенден кийин, орозо тутса саламаттыгына кооптуу маселе жаралат деген болсо, анда ал адам орозо тутпаш керек. Бул ошол жаш балдарга да тиешелүү болот.

- Орозо кармаган адамдар өзун кандай алып жүрүш керек. Орозонун эрежелерин чечмелеп айтып берсеңиз?

- Орозо – бул араб тилинде саун деп аталат. Саундун кыргызча мааниси кандайдыр бир нерседен сактануу, тыйылуу деген маанини билдирет. Ал эми шарыяттын мааниси боюнча таң заардан, күн батканга чейин жеп-ичүүдөн тыйылуу. Саун – сактануу, тыйылуу деген маанини билдирип жаткандан кийин, орозо кармаган адам көп нерседен сактаныш керек. Ал өзүнүн дене мүчөсүн көзүн, тилин, кулагын жаман нерседен тыйыш керек. Жаман нерсени көрүүдөн, ушакты угуудан, жаман сөз айтуудан дене мүчөлөрүн тарбиялаш керек. Ошол эле учурда биз ички дүйнөбүздөгү жаман нерселерден тыябыз. Мисалы ички дүйнөбүздөгү бирөөлөргө болгон жек көрүү сезимин жоготуш керек. Орозо адамдын дене мүчөсүн жана ички руханий сезимдерин тарбиялап, сабырдуулукка үйрөтөт. Орозодон чыккан адам 11 ай боюу ошол тарбия менен жүрүш керек. Бирөөгө жаман сүйлөп, акаарат келтирбеши зарыл. Сабырдуулуктун арты менен адамга көптөгөн береке, бакыт келет. Мына ошол сабырдуулукту орозо бизге үйрөтөт.

- Тамеки чеккен адамдар орозо кармагандан кийин, оозун ачканда кайра тамеки чексе, кармаган орозосу бузулбайбы?

-. Таң заардан күн батканга чейин ал парыз убакытта орозо ибадатын аткаргандыктан, ошол  адам соопко ээ болот. Ал эми ооз ачкандан кийин чылым, же насвай чегип, ден соолукка зыян келтирсе, макирөө деп аталат. Бул жийиркеничтүү нерсе болгондуктан, ал күнөө жазыла берет. Бирок, таң заардан күн батканга чейин туткан орозосунун сообун алат.

- Көбүнчө аялдар динди жакшы түшүнбөгөндүктөн улам, алар Сирияга азгырык менен кетип жаткан учурлар кездешүүдө. Аялдар үчүн мечиттерде атайын бөлмөлөрдү ачуу жагына кандай карайсыз?

- Аялзатынын орду динибизде өтө бааланган. Куранда 114 сүрөө болгон болсо, эркектер деген сүрөө жок. Бирок, аялдар деген сүрөө бар. Аялдарга тиешелүү болгон бардык маселелер Алла таала тарабынан ачык-айкын көрсөтүлгөн. Сүйүктүү пайгамбарыбыз аялзатына урмат-сый көрсөткөн жана бизге үлгү катарында, “эң жакшы инсан бул – келинчегине ээ чыккан” деген жакшы сөздөрүн айткан. Ошондой эле, Пайгамбарыбыздын: “Бейиш – энелердин таман алдында” – деген өтө керемет сөздөрү бар. Албетте, аялзаты диний билимге ээ болушу үчүн Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы тарабынан кыз-келиндер үчүн окуу борборлору ачылууда. Бул боюнча Азирети муфтийдин да атайын буйругу чыккан.  Жалал-Абад облусунда да 7-8 окуу борбору мыйзамга ылайык каттоодон өтүп жатат. Ошол жерлерде кудай буйруса, казыяттын, муфтияттын көзөмөлүндө масхабыбыздын негизинде биз атайын диний китептерди сунуш кылабыз. Ошонун негизинде сырттан келген апаларыбызга, кыз-келиндерге сабактар өтүлөт.

Мындан сырткары, союз мезгилинде ашар жолу менен айыл жерлеринде мечиттер курулуп калган. Ал мечиттерде шарттар түзүлгөн эмес. Азыр көптөгөн мечиттерде шарттар болбогондуктан, ал жерге аялдар бара албай жатышат. Бирок, Азирети муфтийибиз да жаңы заманбап крулуп жаткан жаңы мечиттерде аялдарга атайын бөлмө курулсун деген тапшырманы берди. Биз да мечит салганы келген прорабтарга, демөөрчүлөргө атайын аялдар үчүн окуу өтө турган бөлмө ажыратылсын, долбооруна да ушул камтылсын деп айтып жатабыз. Заманбап мечиттер курулуп, аялзатына шарт түзүлгөнгө чейин убакытты өткөрбөстөн, айыл жеринде болобу, шаардабы бешим намаз 13:30да башталган болсо, жамаат келгенге чейин саат 10дон 12ге чейин мечиттерде аялдар үчүн атайын сабактарды уюштуруп жатабыз. Ага облустук казыяттын алдында уюштурулган аялдардын окуу борборунун адиси Каримова Гүлсара айым жооптуу болуп жатат. Кайсы жерге сабак өтүү керек болсо, биз Г.Каримова айымды жиберебиз, ал сабактарды өтүп келет. Эми жаңы салынган мечиттерде аялдар үчүн атайын орун бөлүнөт.

- Орозодо  кайсы мезгилде оозду бекитип, качан оозду ачыш керек?

- Кудай буйруса бул боюнча биздин атайын календарлар чыгат. Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондору жана Майлуу-Сууга чейин бир убакытта таңга маал ооз жабылып, кечинде ооз ачылат. Ал эми Таш-Көмүр шаарынан Ала-Бука районуна чейин мүнөттөрүндө айырма болот. Чаткалда таптакыр башкача айырма, Токтогул, Тогуз-Торо районунда да айырма бар. Кудай буйруса, бизде атайын календерлар чыгарылган, ошону пайдаланышса болот. Жалал-Абадда 3:48де ооз жабылып, 20:22де ооз ачылат. Күн сайын минутасы көбөйүп кете берет. 

- Быйылкы жылы фитир-садака кандай болуп берилиши керек?

- Азырынча канча берилери белгисиз, жакында жыйында баасы белгилүү болот. Ар бир мусулман орозо башталгандан, бүткөнгө чейин, же айт намазы окулганга чейин фитир-садака бериши керек. Бир килограмм 600 грамм буудайдын наркында, же 20-25 сомдун тегерегинде болот.

- Орозо айында кандай сооп иштерди жасаш керек?

- Аллах жараткан пендесин өтө жакшы көрөт. Пендесин кудай азаптабайт. Азаптаганды да каалабайт. Аллах мээримдүү жана ырайымдуу. Ар бир сүрөөнүн башында кудайым өзүн “Бисмиллахи рахман раахим” деп тааныштырат. Мунун мааниси мээримдүү, ырайымдуу Алланын ысмы менен. Аллах жараткан пендесине жашоодо көп мүмкүнчүлүк берген. Өзгөчө биздин сүйүктүү пайгамбардын үмөтүнө, сиз менен бизге. Орозо айында өтө пайдаланышыбыз керек. Пайгамбарыбыз орозо айында өтө берешен болуп кетээр эле дейт Айша апабыз. Күндүзү берешен болот эле садака берип, кайрымдуулук иш жасайт да, түндөсү кудайга жалынып узак убакыт намаз окуган. Ошол себептен, орозо айында ооз ачарлар, кайрымдуулук иштер көп болот. Орозо айында сооптуу амалдарды аткарсаңар, кайрымдуулук иштердин сообу миң эселеп берилет. Түндөсү Аллахка кайрылып, бардык тилектерди сурайлы. Бардык тилектерди орозо айында тилеп калалы. Пайгамбарыбыз айткан “ооз ачаарда дубалар кабыл болот” деп. Себеп, орозо туткан адам билинбейт. Бирок, Аллах баарын билип турат. Орозонун ажыр-сообу чектелген эмес. Мусулмандарды чакырар элем, ушул айда сабырдуу, кайрымдуу болууга. Кайдыгер болбогула. Бул айда куран түшкөн, кадыр түн бар. Кадыр түн миң айдан жакшыраак Бул айда бардык тилектерди тилеп калышыбыз керек. Алла мээримдүү болгон үчүн ушундай жакшы айларды бизге берди.

Бардык мусулман бир туугандарды келе жаткан Ыйык орозо айы менен куттуктап, туткан орозолорун Аллах таала кабыл кылсын!

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Эрнисбек ОРМОКОВ: “Келээрки шайлоодо талапкерлигимди коём”

Жалал-Абад шаарынын өнүгүп, өсүшүндөгү башкы салым депутаттардын колунда. Ал эми депутаттардын башында...

ИНТЕРВЬЮ 2016-05-18  13:48

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Бакыт Адылов: Миграция кызматы Орусияда өкүлчүлүгүн ачат

Кыргызстандын миграция кызматы Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана орус жергесиндеги...

ИНТЕРВЬЮ 2016-06-02  04:11

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

Кубат Оторбаев: “Көчөдө калган бала - кул катары кетип жаткан учурлар...

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев эки күндүк иш сапары менен облустагы бир топ убактылуу кармоочу...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-05  14:30

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Тоолуу Тогуз-Тородо күнөсканалар курулуп, тамчылатып сугаруу ыкмасы...

Жалал-Абад облусунун эң алыскы жана тоолуу Тогуз-Торо районунда үстүбүздөгү жылдын 6 айында аймактын...

ИНТЕРВЬЮ 2016-08-07  20:05

С.Сатыбалдиев: “

С.Сатыбалдиев: “"Коррупциялык мүнөздөгү 80 кылмыш иши козголду"

Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары Сатыбалдиев Сүйүнбек Маматович 2016-жылдын 6...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-19  14:33

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Чолпон Ибраимова: «Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы ыктымал»

Кургак учуктун амбулатордук дарылоосу Кыргызстанда 2012-жылдан бери «Сапаттуу саламаттык...

ИНТЕРВЬЮ 2016-09-25  19:01

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Гүлзат Нурумбетова: “Үй-бүлөнү пландаштырууда – күтүлгөн баланын...

Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун акушер-гинекологу...

ИНТЕРВЬЮ 2017-06-18  12:38