ЖАЛАЛ-АБАДДА УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ВЕЛОЖҮРҮШ ӨТТҮ
Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аттуу веложүрүш болуп өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Бул эскерүү иш-чарасы шаардагы этникалык татарлар коому тарабынан сунуш кылынып, шаар мэриясы жана коомчулугу тарабынан колдоого алынган. Шаар жетекчилиги атайын буйрук менен веложүрүштү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларынын планын бекиткен.
-Бүгүн шаардагы бардык мекеме-ишканалардын, окуу жайларынын, коомдук бирикмелердин жамааттары бир кишидей велосипеддер менен шаар четинен борбордук “Жеңиш” эс алуу багына чейин жүрүш жасашты. Ал эми эс алуу багында “Мен атамды жана агаларымды эскерем” аттуу эскерме-сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, ар бир жаран согуштан кайтпай калган аталарынын, абаларынын ысымдарын жазышты, сүрөттөрүн илишти. Бул иш-чарага айрыкча жаштардын көбүрөөк катышканы бизди кубандырды, анткени аларда кечээки улуу трагедия, Улуу Жеңиш үчүн канын-жанын берген аталардын эрдиги тууралуу кененирээк билишти деп ойлойбуз, - дейт шаардын вице-мэри Руслан Алтымышов.
Шаардык маданият сарайынын күчү менен атайын программадагы концерт, сахналык көрүнүштөр уюштурулуп, иш-чаранын аягында согуштан катпай калган, тынчтык күндөрүндө көзү өтүп кеткен маркумдарга арналып Куран окулду.
Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Жалал-Абад шаарынан 10 миңден ашуун жоокер аттанган, алардын дээрлик жарымы өз жерине кайтып келген эмес. Жалал-Абаддыктардан 5 жоокер согуштагы кайталангыс эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан. Ал эми азыр согуштун 15 ардагери калды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20