Президент С.Жээнбеков: Согушта дайынсыз жоголгондорду издөө кыймылдарынын аракети менен көптөгөн жоокерлердин ысымдары аныкталды(ФОТО)
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш майрамынын алдында “Наша Победа - Биздин Жеңиш” издөө кыймылынын жетекчиси Светлана Лаптева жана “Эрдик” коомдук фондунун негиздөөчүлөрү Каныбек Мырзаканов жана Гүлнара Мырзаканова менен жолугушту. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Президент аларды келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, бул майрам көз жаш менен тосуп алчу майрам экенин белгиледи.
«Бизди Совет элинин биримдиги Жеңишке жеткирди. Биздин бирдиктүү эл каармандыктын кайталангыс үлгүсүн көрсөттү», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Жолугушууда издөө жумуштарын жүргүзүү, аны уюштурууга каржылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жана мамлекеттик мекемелерде архивдик документтерди издөөнү көмөктөшүүгө байланыштуу маселелер талкууланды.
Светлана Лаптева “Наша Победа - Биздин Жеңиш” издөө кыймылынын иштери жана уюмдун пландары жөнүндө айтып берди. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандыктардын элесин сактоодо издөө жумуштарынын маанисине көңүл бурду.
Каныбек Мырзаканов өлкөнүн издөө кыймылдары жүргүзүп жаткан жумушка кеңири жардам керектигин белгиледи.
Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча тынымсыз аракеттери, тарыхка болгон аяр мамилеси жана өз ишине берилгендиги үчүн Светлана Лаптева менен Каныбек Мырзакановго ыраазычылык билдирди.
«Сиздердин аткарган ишиңер сый-урматка татыктуу. Жасаган эмгегиңиздердин аркасы менен мурда белгисиз жоокерлердин ысымдары түбөлүккө сакталды», - деп белгиледи Мамлекет башчысы.
“Кыргызстандык жоокерлер бүт өлкө менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун кан майданында салгылашкан. Алар фашизмди жеңүүгө чоң салым кошушкан. Тилекке каршы, көптөгөн биздин аталарыбыз жана чоң аталарыбыз фронттон кайтпай калган, айрымдар дайынсыз жоголду. Алардын тагдыры белгисиз бойдон калды, - деди Президент. – Учурда алардын небере-чөбөрөлөрү тагдырларына кайдыгер карабаганы абдан маанилүү. Алар өз жакындары жөнүндө маалыматты – кан майданда курман болгон жоокерлер тууралуу эскерүүлөрдү сактап калгысы келишет”.
Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууда айтылган бардык маселелер боюнча мамлекеттик органдар тарабынан издөө кыймылдарына керектүү жардам көрсөтүү жумуштары жөнгө салынаарын белгиледи.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13