Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү буйругуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.
Буйрукка ылайык, республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 204 444 400 (эки жүз төрт миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом өлчөмүндөгү акчалай каражат бөлүнгөн.
Көрсөтүлгөн сумманын 69 млн. 34 миң 900 сому Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин имаратын курууга багытталат.
Анын 67 млн. 309 миң 500 сом Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна, ал эми 68 млн. 100 миң сом Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын жаңы корпусун курууга багытталат.
Аталган буйрук Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы «Секторду реформалоого келишим – Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо» программасы боюнча 2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган финансылык келишимдин айрым жоболорун өз учурунда аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун калкы үчүн саламаттык сактоо тейлөөсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38