KELECHEK
rek

РСЕ/РС президенти: Арменияда журналисттерди сабагандар жоопко тартылышы керек

РСЕ/РС президенти: Арменияда журналисттерди сабагандар жоопко тартылышы керек

Өткөн жумада Серж Саргсяндын премьер-министр болуп шайланышына каршы өткөн каршылык акциялары маалында Арменияда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун (РСЕ/РС) үч журналистине кол салуу болгон. Нааразылык акциялар дүйшөмбү кечинде, Саргсяндын отставкага кетиши менен токтоду.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Томас Кент журналисттерди сабаган адамдар тез арада жоопко тартылышы керектигин билдирди:

«Полициячылардын кол салган адамдардын арасында жүргөндүгү жана аларга жардам бергендиги фактысы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Биз күнөөлүүлөрдүн тез арада жоопко тартылышын талап кылабыз».

22-апрелде полиция кызматкерлеринин бири «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун армян кызматынын (Радио Азатутюн) кабарчысы Наира Булгадарянга кол салып, камерасын зыянга учураткан. Мындан улам радионун Еревандын Республика аянтындагы окуяларды көрсөтүп жаткан түз эфири үзгүлтүккө учураган.

Ишембиде продюсер Анатолий Егизарян дагы кол салууга дуушар болгон. Ал полиция Еревандын түштүк бөлүгүндөгү аянтка барчу жолду унаалардан тазалап жаткан маалда сабалган. Унааларды митинг катышуучулары жолду тосуу максатында атайылап калтырып кетишкен. Егизарян полициячыларга журналисттик күбөлүгүн көрсөтүп, кайсыл басылманын өкүлү экенин айтканына карабастан ур-токмокко алынган.

Ошол эле күнү кабарчы Арус Хакобян штаттык кийимчен адам тарабынан сабалып, жаракат алган. Окуя ал Еревандан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан автомагистралдагы акцияны чагылдырып жатканда болгон. Бул көрүнүштү журналист видеого тартып алган. Анда Хакобяндын кыйкырганына карабастан, андагы полициячылар эч кандай аракет көрбөгөнүн байкоого болот. Армениянын Башкы прокуратурасы буга байланыштуу тергөө иштери баштала турганын билдирди.

«Эркин Европа/Азаттык радиосу» АКШ Конгресси тарабынан берилген гранттардын эсебинен каржыланган коммерциялык эмес уюм. Радио сөз эркиндиги бийлик тарабынан чектелген же коомдук жашоонун нормасына айлана элек өлкөлөрдүн аудиториясына кайрылуу менен, анда демократиялык баалуулуктарды жана институттарды алдыга жылдырууну максат кылат.

«Эркин Европа/Азаттык радиосунун» иши жергиликтүү жана аймактык кабарчыларынын так маалыматтары менен жаңылыктарына негизделген. Радио 26 тилде дүйнөнүн 23 мамлекетинде эфирге чыгат. 2017-жылы РСЕ/РС медиакорпорациясынын видеоматериалдары Facebook түйүнү менен YouTube хостингинен бир жарым миллиарддан ашык жолу көрүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53