KELECHEK
rek

Парламенттеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды

Парламенттеги көпчүлүк коалиция башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеӊештин көпчүлүк коалициясы КР Презинденти тарабынан КР Башкы прокурору кызмат ордуна сунушталган Жамшитов Өткүрбек Асылбековичтин талапкерлигин жактырды. Аны депутаттарга Президенттин Жогорку Кеӊештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын башчысы Өткүрбек Жамшитов талапкерлиги Жогорку Кеӊештин кезектеги жыйынында карала турганын, ошондон улам талапкер менен кеӊири ой-пикир алышуу максатында, көпчүлүк коалициясынын бул жыйыны шашылыш чакырылганын белгиледи.

Депутаттар Башкы прокуратуранын башкы милдети өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуу экенин, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын тескей турганын талапкердин эсине салып, башкы прокурорлукка дайындалып калса, өз милдетине жоопкерчилик менен карап, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү күчөтүүгө, ал эми кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга тийиш экенин белгилешти.

Андан тышкары, эл өкүлдөрү прокуратура органдарын жалпы эле кылмыштуулукка, анын ичинде коррупциялык жосундарга каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга чакырды. Өткүрбек Жамшитов кандай кырдаал болбосун жасалган кылмышты көз жаздымда калтырбай, мыйзам алкагында тийиштүү чараларды көрүүгө, бул багытта депутаттар менен биргелешип иштешүүгө убада берди.

Талапкердин көӊүлүн экономикалык кылмыштардын өсүп баратканына бурган депутат Рыскелди Момбеков «өзара соодалашуу» жолу менен токтоп калган кылмыш иштерин кайра жандандыруу зарылдыгын белгиледи. «Талас аркылуу ун, күйүүчү май, жер семирткич сындуу контрабандалык товарлар агылып кирүүдө, бирок тийиштүү чаралар көрүлбөйт, кылмыш иши козголбойт», - деди ал.

Ал эми депутат Акылбек Жапаров акыркы мезгилде мамлекеттик органдар менен прокуратура органдарында ири өлчөмдөгү пара менен кармалган кызматкерлер арбып баратканын, аларды мурдагы өкмөт башчысы менен башкы прокурордун командасындагы адамдардан арылтуу зарылдыгын белгиледи.

Талапкер башкы прокурорлукка дайындалып калса, коррупцияга каршы күрөштү дароо баштап, 10-15 күн аралыгында Коопсуздук кеӊешинин талаптарын аткаруу боюнча координациялык жыйын өткөрүп, күрөштүн негизги багыттарын аныктай турганын, ошого жараша алгылыктуу чаралар көрүлө турганын билдирди.

Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган, 42 жашта. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Улуттук университеттин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунун прокурору болуп турган.

Белгилей кетсек, үч жылдан ашык иштеген мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеӊештин макулдугу менен 2018-жылдын 13-апрелинде мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирилген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12