Президент Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирди
Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кетиши жөнүндө жарлыкка кол койду.
“Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин өкмөткө ишеним көрсөтпөгөнүнө байланыштуу Конституциянын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүн кызматтан кетирди”, - деп жазылган президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү жиберген кабарда.
Жарлыкка ылайык, премьер-министр, вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык өз милдеттерин аткарууну өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.
Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү тууралуу парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 105 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти.
Сапар Исаков жетектеген өкмөт былтыр августта ишке киришкен. Негизинен жаш кадрлардан түзүлгөн өкмөттүн айрым мүчөлөрү быйыл кызматтан түрдүү себептер менен кеткен.
Исаков Кыргызстандын 29-өкмөт башчысы болгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









