
ЖАМУнун 95 жылдык мааракеси белгиленет

Үстүбүздөгү жылдын 27-28-апрель күндөрү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 95 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаралар жана “Күчтүү университет – өнүккөн регион – кубатүү өлкө” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өтөт. Бул тууралуу аталган университеттин ректоратынан билдиришти.
Алгачкы күнү келген коноктор университет менен таанышып, жабык спорт аянтчасынын ачылышына катышышат жана атайын уюштурулган көргөзмөлөргө барышат. Окуу жайынын тарыхы, өнүгүшү жана келечеги тууралуу кеп болуучу салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, коноктор “Жалал-Абад” санаторийине экскурсияга чыгышат.
Кийинки күнү илимий-практикалык конференция уюштурулуп, секциялык иштер жүрөт. Кечке жуук коноктор кайтышат.
Эске сала кетсек, жыйырманчы кылымдын 20-жылдарында Жалал-Абад шаарында өлкөдөгү алгачкы педагогикалык окуу жайы түзүлүп, ал окуу жайдан Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү инсандар тарбияланып чыккан. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1993-жылы мурдагы педагогикалык окуу жайынын базасында университет ачылган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти
Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05 23:34
Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...
Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02 12:13
Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт
Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04 16:32
Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07 15:23
Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:16
Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды
Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11 17:26
Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...
Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ар бир кесип ардактуу”...
БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13 09:30