Эрдоган Түркияда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүн жарыялады
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өтөрүн жарыялап, добуш берүүнү 24-июнга белгиледи. Ал 18-апрелде шайлоону мөөнөтүнөн бир жыл мурда өткөрүү чечимин түшүндүрүп жатып, Түркия тезирек президенттик башкарууга өтүшү зарыл экенин айтты.
Эрдоган мындай чечимге бүгүн Улутчул кыймыл партиясынын лидери Давлет Бахчели менен сүйлөшкөндөн кийин келген. 17-апрелде күтүүсүздөн кезексиз шайлоо өткөрүү сунушун көтөрүп чыккан Давлет Бахчели - президент Эрдогандын союздашы катары белгилүү.
Түркияда 2017-жылы референдум өтүп, элдин көбү президенттик башкарууну колдоду деп табылган. Бирок конституциялык өзгөртүүлөр шайлоодон кийин гана күчүнө кирмек.
Кезектеги президенттик жана парламенттик шайлоо Түркияда негизи 2019-жылдын ноябрында өтүшү керек болчу. Парламенттик республика саналган Түркия президенттик башкарууга толук өтсө мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кеңейет.
Режеп Тайып Эрдоган бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же АК партиянын лидери катары он эки жылдык премьерликтен соң 2014-жылы августта президенттик кызматка өткөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









