KELECHEK
rek

Bloomberg: Трамп менен Ким Чен Ын жолугушуу үчүн 9 шаарды караштырышууда

Bloomberg: Трамп менен Ким Чен Ын жолугушуу үчүн 9 шаарды караштырышууда

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен Тайланд, Сингапур же Монголия, болбосо Европадагы шаарлардын биринде жолугушуусу ыктымал. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирүүдө.

Дональд Трамп буга чейин Ким Чен Ын менен июндун башына белгиленген жолугушуу үчүн беш шаарды караштырып жатканын айткан. Саясатчылар Түндүк Кореядагы өзөктүк куралды жоюу маселелерин талкуулоого ниеттенишүүдө. Bloomberg булагынын маалыматына караганда, Прага, Варшава, Хельсинки, Стокгольм, Осло же Женева жолугушуу өтүшү ыктымал делген шаарлардын тизмесинде.

Мындан тышкары Трамптын администрациясы кездешүү Улан-Батор, Бангкок же Сингапурда болуп калышы мүмкүн экенин да четке какпайт. Ошол эле маалда Bloomberg сүйлөшүүлөр Түштүк же Түндүк Корея, ошондой эле Кытай аймагында болбой турганы анык экенин жазды.

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуу ниетин мартта билдирген. Америкалык президенттер Түндүк Кореянын лидери менен эч качан жолугушкан эмес. Кездешүүнүн датасы так белгисиз. 18-апрелде ЦРУ директору Майк Помпео Түндүк Кореяда Ким Чен Ын менен жашыруун жолугушканы кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...