KELECHEK
rek

Telegram мессенжерге бөгөт коюу чечими боюнча даттанды

Telegram мессенжерге бөгөт коюу чечими боюнча даттанды

Иллюстрациялык сүрөт

Телеграмдын адвокаттары мессенжергө бөгөт коюу тууралуу соттун чечими боюнча даттанышты. Алар сотто бир дагы далил келтирилбегенин жана божомолдоо гана болгонун билдиришип, бөгөт коюу тууралуу буйрукту жокко чыгарууну өтүнүштү.

Роскомнадзордун башчысы Александр Жаров The Bell басылмасына берген маегинде мекеме мессенжер тарабынан колдонулган бардык түйүндөргө бөгөт кое албаганын айтты.

Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров тыюу салынганына карабастан, азырынча Орусияда мессенжерди колдонгондордун саны анчалык деле азайбаганын билдирди. Анын айтымында, тыюуну кыйгап өтүү үчүн орусиялыктар VPN жана прокси-серверлерди колдонуп жатышат.

Орусия бийлиги Телеграмга колдонуучулардын жазышууларын чечмелөө ачкычтарын ФСБга берүүдөн баш тарткандыгы үчүн бөгөт коюуда. Мурдараак Роскомнадзор мессенжерге салынган тыюуну кыйгап өтүүгө жардам берчү бардык каражаттарга бөгөт коюуну, ошондой эле App Store жана Google Play дүкөндөрүнөн Телеграмды өчүрүүнү талап кылган.

Дүйшөмбүдө Роскомнадзор Amazon жана Google компанияларынын Telegram мессенжерине байланышы бар IP-даректерин жаба баштаган. Мындан улам жүздөгөн онлайн-сервистер, анын ичинде интернет-дүкөндөр, курьердик кызматтар, онлайн-оюндар, Microsoft компаниясынын сервистери, Viber мессенжери, ошондой эле орусиялык «Одноклассники» социалдык түйүнү жабыркаган. Андан тышкары Твиттердин ишинде да мүчүлүштүктөр болгону кабарланган.

Өз ресурстарына жетүүдө көйгөйлөр жаралып жатканын Роскомнадзордун өзүнөн дагы ырасташып, бирок алар DDoS-чабуулдарга байланыштуу экенин билдиришти.

Жалпысынан Орусияда 15 миллионго жакын Telegram колдонуучусу бар – бул мессенжердин дүйнөдөгү жалпы колдонуучуларынын 7 пайызын түзөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...