KELECHEK
rek

Мирзиёев мугалимдерге көчө шыпырткан аткаминерлерди иштен аларын айтты

Мирзиёев мугалимдерге көчө шыпырткан аткаминерлерди иштен аларын айтты

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусунун Сайхунабад районунун активисттери жана жооптуу жетекчилери менен жолугушуу учурунда мугалимдерди тазалык иштерине мажбурлап чыгарган аткаминерлерди сынга алды.

Мамлекет башчы борбордук көчөлөрдүн бирин тазалап жүргөндө КамАз сүзүп кеткен мугалим Диана Еникееванын өлүмү үчүн өзүн күнөөлүү сезип жатканын билдирди. Мирзиёев мындан ары окутуучуларды мажбурлап иштеткен аткаминерлер кызматтан алынарын эскертти.

Мындан тышкары өзбек президенти аймактарга сапарга барарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “калп эле жакшы көрүнүү” үчүн жасакерленип калышарын билерин айтты.

«Мен бир регионго ал жактагы абалды билип туруп барам. Мага алдын ала маалымат беришет. Бирок көп жерлерде көз боёмолдоо байкалат. Чынын айтсам, мен өтө ыңгайсыз болом, мунун баары менин кыжырыма тиет. Мугалимдерге көчө тазалатуу жана шыпыртуу – мага гана эмес саясатка болгон чыккынчылык», –деди Шавкат Мирзияев.

Сайхунабад активдери менен жолугушууда Мирзиёев атайын даярдалган кишилердин ыгы жок мактоо сөздөрүнөн дагы тажаганын кошумчалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13