КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдана баштады
Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев парламенттеги Социал-демократиялык фракциянын депутаттары менен жолугушту.
Партиядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Атамбаев КСДП депутаттарынын суроолоруна жооп берип, партиянын саясий кеңешинин курамына байланышкан учурдагы бир катар маселелер, ошондой эле 2020-жылкы парламенттик шайлоого партиянын даярдыгы талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгы менен мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.
Депутат Рыскелди Момбеков жолугушууда Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, саясий кеңештен чыгарыларын жарыялаганын билдирди.
«Алмазбек Шаршенович Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, "ал “Апрель” деген кайрымдуулук фондду жетектейт" деп айтты. Анткени жолугушууда мен да эки президенттин ортосундагы араздашуу ошол кишинин айынан болгонун, ал киши аппарат башчы болуп турган учурда фракция менен байланышта кетирген кемчиликтерин айттым. Аны угуп экс-президент партиялык ишмердикти Ниязов токтотоорун билдирди», — деди Момбеков.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |