Ошто Жапалактын дагы эки көчөсү газдаштырылды (ФОТО)
Кечээ, 13-апрель күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөнбаев жана Малабеков көчөлөрүнүн жашоочуларына көгүлтүр от берилди. Жаратылыш газын берүү аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, "Ошгаз" филиалынын директору Рашид Тагаев баш болгон эмгек жамаат, шаар тургундары келип катышты.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКнын Ош шаарында иш жүргүзүп жаткан иш-аракеттери алгылыктуу экендигин айтып, аларга ыраазычылык билдирди.
“Элди көгүлтүр от менен камсыздоо багытында жакшы иштер жүрүп жатат. Бир жагынан жаңы линиялар тартылса, экинчи жагынан эскилиги жеткен түтүктөр алмашылып жатат. Бул иш аракети менен келечекте Арек, Орке, Татар, Кеңеш айылдарында жашашкан 2900 үйгө газ киргизүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жалпысынан 2021-жылга чейин шаар боюнча 13560 үйгө газ киргизүү пландаштырылып жатат”, - деди А.Кадырбаев.
Белгилей кетсек, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Төлөнбаев жана Малабеков көчөлөрүнүн 600дөн ашуун адам жашаган 98 кожолук көгүлтүр от менен камсыздалды. Ал эми абоненттердин саны 3396га көбөйүп, 63 710го жеткен. Айта кетсек, буга чейин “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКсы тарабынан Ош шаарында жер алдында эскирип, жараксыз абалга келген 24 км. газ түтүгү алмаштырылып, 22 324 даана газ эсептегичтер жаңыланган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13