Назарбаев: Ли Куан Юну да автократ деп аташкан
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Казакстан бир күндө демократия орното албай турганын дагы кайталап, АКШнын мамлекет болуп калыптанышына эле 250 жыл кеткенин мисал кылды.
Астанада “Руханий жаңыруу” программасынын бир жылдыгына арналган жыйында сүйлөгөн Назарбаев казактар “өз салты, тили, дини жана тарыхы бар, демократия жолу менен келе жаткан калк” экенин айтты.
"Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн бери ушул элди башкарып, калктын ишенимин актап келем. Батыш бизге “Биз сыяктуу, Америка, Батыштагыдай демократия орноткула” деп бир нече жолу айтты. Биз казакпыз, биз америкалык эмеспиз го, биз немис, англис эмеспиз. Бул жерде эмне бар?" деди Назарбаев.
Бирок ал Казакстан “бир күндүн ичинде миң жылдык тартипти аттап кете албасын” да айтты. “Америка Кошмо Штаттарына 250 жыл болду. 50 жыл мурун кара менен ак адамдар бир автобуска отура алышкан эмес. Аялдар шайлоого катышкан эмес. Аны неге унутуп калдыңар?”- деди Казакстан президенти.
Назарбаев Сингапурдун мурунку башчысы Ли Куан Ю да кезинде “салтты урматтоого” үндөгөнү үчүн автократ аталып келгенин мисал келтирди.
"Менин жакын досуму, маркум Ли Куан Юну дагы диктатор, автократ деп келишти. Кандай автократ. Беш жыл сайын шайланып турган адамды кандай диктатор, автократ деп айтууга болот? Биздин өз жолубуз бар " деди Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев Казакстанды дээрлик 30 жылдан бери башкарып келе жатат. Ал быйыл 78 жашка чыгат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди
АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-07-05 23:23
Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди
Расмий Берлиндин пикиринде, азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:18
Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды
Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-02 11:25
Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...
Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 21:37
Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал
Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:23
Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды
Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 15:47
National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат
National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...
БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА 2016-05-04 16:04









