Помпео: Сириядагы урушта "эки жүздөй орусиялык" өлтүрүлгөн
АКШнын мамлекеттик катчылыгына талапкер, ЦРУнун мурдагы директору Майк Помпео Сенаттагы угууларда Сириядагы америкалык аскерлер менен кагылышта “эки жүздөй орусиялык” өлтүрүлгөнүн билдирди.
Помпео маалыматты кайсы булактан алганын айткан жок. Ал окуя бир нече жума мурун болгонун гана белгиледи.
7-февралда Дейр-эз-Зор провинциясында салгылаш болгон. Анда Сирия президенти Башар Асаддын тарабында согушкан жүздөгөн жалданма аскер АКШнын өнөктөштөрү болгон күрддөрдүн позициясына каршы чабуул жасаган. Америкалык авиация аларга абадан сокку урган, бул чоң жоготууларга алып келгени кабарланган.
Маалымат каражаттары кагылышуу учурунда орусиялык "ЧВК Вагнера" тобунун жалданма аскерлери мерт болгонун билдиришкен. Өлгөндөрдүн так саны белгисиз, ММКлардын көбү 200дөй жалданма аскер мерт болгонун жазышкан. Журналисттер бул согушта курман болгон 10 орусиялык жарандын ысымдарын гана аныкташкан.
Орусия ТИМи алгач орусиялык жарандарын өлгөнү тууралуу фактыны четке кагып, кийин набыт болгондорун саны бешке чейин жетиши ыктымал экенин, ондогон адам жаракат алганын айткан.
Орусия бийлиги Сириядагы жоготуулары менен аскердик чыгымдарын, аскерлеринин санын жашыруун кармоого аракеттенет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52
«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт
«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....
ДҮЙНӨ 2016-05-06 17:52
Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет
Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...
ДҮЙНӨ 2016-05-06 18:02









