KELECHEK
rek

Депутат Тогуз-Тородогу окуяны териштирүүнү талап кылды (ФОТО)

Депутат Тогуз-Тородогу окуяны териштирүүнү талап кылды (ФОТО)

"Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Айтмамат Назаров Тогуз-Тородо "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясына таандык кеңсенин өрттөлүшү боюнча маселени 12-апрелде парламентте жалпы отурумда көтөрдү. Анын айтуусунда, бул окуя өлкөнүн аброюна шек келтирет:

- Биз бул маселени мурда да көтөргөнбүз. "Кыргызалтын" ишканасынын башчысы бул ишканага эч кандай тиешеси жоктугун айткан. Анда эмне үчүн ишкананын аймагында завод курулуп жатканын башчысы билбейт? Бул кенди иштетүүгө тогузторолуктар баары каршы экен, эмне үчүн элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес? Эки айдан бери бир да жетекчи басып барбаптыр, баргандардын баары орун басарлар. Аким иштен алынды. Анын кандай күнөөсү бар? Жерди берип, курулушка уруксат бергендерди жазалаш керек.

Депутат бул маселеге тиешелүү көңүл бурбаганы үчүн Жалал-Абад облусунун жетекчилигинин жоопкерчилигин карап көрүүнү сунуштады.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөн.

Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, нааразылык акциясына миңдей киши катышты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, чогулгандар тартип сакчыларына да таш ыргытып, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, эки милиционер жана бир жергиликтүү тургун жабыркап, райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылды.

Бул жагдайга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53