KELECHEK
rek

Жээнбеков: Коррупция менен күрөштө досума карабайм

Жээнбеков: Коррупция менен күрөштө досума карабайм

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы апрель окуяларынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү улантыла турганын айтты.

Жолугушуунун катышуучулары коррупцияга каршы күрөш жана өлкө региондорун өнүктүрүү боюнча президенттин аракеттерин колдошоорун билдиришти.

Апрель окуяларында уулу каза болгон ата-энелердин бири Арстан Сагындыков президентке бул боюнча мындайча суроо койду:

- Коопсуздук кеңешинде "коррупция менен күрөшөм" деп айттыңыз. Бул абдан туура. Ошондон кийин улам бир жерден коррупционерлердин коррупциялык иштеринин баары тең, биринин артынан бири чыгып жатат. Анан ошолордун баарын укканда: “Биздин балдар эмне, ушул коррупционерлер үчүн өлдү беле?” деген ой кетет экен. Ушул балдарыбыздын өлүмүнөн кийин мамлекетибиз өркүндөп, экономика көтөрүлүп кетсе деген эле тилек.

Президент Сооронбай Жээнбеков анын суроосуна жооп берип, коррупция менен күрөштө дос-таанышка карабай туруп, жоопко тартылаарын билдирди:

- Буйруса мен мунун аягына чейин чыгарып берем. Тазасы таза, туурасы туура, туура эместери бардыгы чыгат, жашыруу деген болбойт. Азыр мына кеттиби процесс - мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, досбу - эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет. Бирок бул маселени жылдырыш кыйын болуп жатат, оор болуп жатат. Ошого карабай аягына чыгарып берем. Биз бул боюнча күч кызматтары менен тынбай иштеп жатабыз.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдын 7-апрели - кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя экенин, кыргыз эли үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен эч качан келишпестигин жана чөгөлөп жашабай турганын эскертти. Ал өлкөдө бийлик айрым саясатчыларга эмес, элдин кызыкчылыгына кызмат кылышы керек экенин баса белгиледи.

- Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеймин деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот, - деди Сооронбай Жээнбеков.

5-апрелдеги жолугушууга “Мекен Шейиттери”, “Эр Теги”, “Апрель Баатырлары”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Апрель. Элим. Кыргызстан”, “Айкөл Таза Коом”, “Апрель байрагы”, “Элдик сакчы”, “Элдик кайрат”, “Мекен үчүн”, “Орток шамы” коомдук уюмдарынын, “Патриот” ыктыярдуу элдик кошуунунун жана “Каркыра” элдик кошуунунун өкүлдөрү катышышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12