KELECHEK
rek

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Думадагы химиялык чабуул талкууланды

БУУнун Коопсуздук кеңешинде Думадагы химиялык чабуул талкууланды

Никки Хейли (ортодо) Коопсуздук кеңешинин жыйынында

БУУнун Коопсуздук кеңеши өткөн ишембиде Сириянын Дума шаарындагы ыктымал химиялык курал колдонулгандыгы маселесин талкуулоо үчүн шашылыш түрдө кезексиз жыйын өткөрдү.

Кечээ АКШ, Франция жана Улуу Британия баштаган тогуз өлкө химиялык курал тууралуу маалыматтарды кароо үчүн Коопсуздук кеңештин кезексиз жыйынын өткөрүүнү талап кылышкан. Орусия дагы «эл аралык тынчтык менен коопсуздук» маселеси талкууланышы керектигин билдирип, Коопсуздук кеңешти чогултууну талап кылган.

Жыйынды ачып жатып БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура Сириянын айланасындагы абал эл аралык коопсуздукка аймактык гана эмес, глобалдык деңгээлде дагы терс таасир эте турган өнүгүүсү менен коркунучтуу экенин билдирди.

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя маалымат чогултуу үчүн Думага радиологиялык, химиялык жана биологиялык коргоо боюнча орусиялык адистер жөнөтүлгөнүн билдирди. «Алар топурактын үлгүсүн алып текшеришти. Жыйынтыгында нервди шал кылуучу жана хлорлуу заттын жок экени аныкталды», — деди орусиялык дипломат.

Өз кезегинде АКШнын уюмдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Коопсуздук кеңеште кандай гана чечим кабыл алынбасын, химиялык чабуулга күнөөлүүлөрдү жазалоо үчүн Кошмо Штаттар өз алдынча аракеттерге бара тургандыгын билдирди. Анын айтымында, «дүйнө кантип акыйкаттык орноп жатканына күбө болушу керек».

АКШ ыктымал химиялык курал колдонулгандыгына жооп катары Асаддын режимине каршы аскердик күч пайдаланылышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган жок.

Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү дүйшөмбүдөгү жыйында эч кандай чечим кабыл алышкан жок. Бүгүн алар резолюция долбоорун талкуулайт деп күтүлүүдө.

Президент Дональд Трамп «маанилүү чечимдер» тууралуу бир сутканын ичинде жарыялай турганын убадалады. Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм Думада 7-апрелде ууландыруучу химиялык зат колдонулгандыгы тууралуу маалыматты текшере баштады. Медициналык булактардын кабарлашынча, өткөн ишембидеги бомбалоолордон 48ден 60ка чейинки адам курман болуп, миңдеген киши жаракат алган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52