Лавров «Скрипал ишиндеги» колдоосу үчүн Душанбеге ыраазычылык билдирди
Сергей Лавров менен Сирожиддин Аслов, Москва, 9-апрель 2018-жыл. Сүрөт ТАСС агенттигиники
Орусия «Скрипалдын иши» боюнча Тажикстандын Москва менен тилектештигин жогору баалайт. Бул тууралуу орус ТИМ башчысы Сергей Лавров Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов менен жолуккандан кийин билдирди.
«4-апрелде Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун Аткаруу кеңешинин Солсберидеги ишке арналган жыйынында ЖККУга кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Тажикстандын биз менен тилектеш экенин билдиргенин жогору баалайбыз. Өз кезегинде биз мындан ары дагы Тажикстанга эл аралык аренада, БУУда колдоо көрсөтүүбүздү улантабыз», - деди Сергей Лавров тажикстандык кесиптеши менен бирге өткөргөн маалымат жыйында.
Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландырылышы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана "аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган" деген бүтүмгө келген. 6-апрелде Солсбери ооруканасынын дарыгерлери Скрипал менен кызынын абалы тездик менен жакшыра баштаганын билдиришкен.
Москва бул ууландырууга тиешеси бар экенин четке кагууда. Скрипалга байланышкан окуядан улам Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык каатчылык жаралган.
Лавров 9-апрелде Аслов менен бирге өткөргөн маалымат жыйында Москва Душанбени аскердик-техникалык жактан колдоосун улантып, тажик куралдуу күчтөрүн модернизациялоого жана техникалык абалын жакшыртууга, ошондой эле Тажикстандын мамлекеттик чек арасын коргоо мүмкүндүгүн арттырууга көмөктөшө турганын билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









