KELECHEK
rek

Чек арадагы ок атуу боюнча кылмыш иши козголду

Чек арадагы ок атуу боюнча кылмыш иши козголду

Аксы райондук ички иштер бөлүмү Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун Өзбекстандын чек арачылары атып салган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ("Киши өлтүрүү") ылайык кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында 7-апрелде ок атылган. Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, окуя Кыргызстандын аймагында болгон. Маркум өзү Кербенге караган Курулуш айылында жашап келген. Ошол күнү Өзбекстанда жашаган туугандарына тойго барып, кайра келаткан экен. Ага ок аткан өзбекстандык чек арачы маркумду өз аймагына сүйрөп алып кирип кетүүнү көздөп, ал аракети ишке ашкан эмес:

- Каза болгон жаран Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенби же аракет кылганбы, белгисиз. Ошондой окуя болуп кетти. Эч ким көрбөй, атылгандан кийин көрүп калышкан. Чек арачы ок тийген жарандын сөөгүн өзү жакка алып өтүүгө аракет кылган. Биздин бир жараныбыз көрүп калгандан кийин алып өтө албай, таштап кеткен. Биздин жаран автоматтын үнүн укканда жетип келген окшойт. Окуя болгон жер жолго жакын.

Окуяны Акыйкатчы институтунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү иликтей баштады.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу чек ара кошуундары мекемеси түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны "чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргени, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегени, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнүн" айткан.

Расмий Бишкек окуяга байланыштуу Ташкентке нота жиберген.

Кыргыз премьер-министри Сапар Исаков өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен 8-апрелде жагдайды телефон аркылуу талкуулаган. Учурда эки тараптын тийиштүү органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53