Өзбекстандагы кыргыз айылы 45 күндүн ичинде таанылгыс болуп өзгөрдү
Дустлик районунун Манас айылындагы үй бузулууда.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Дустлик районундагы Манас айылы 45 күндүн ичинде таанылгыс болуп өзгөрдү. Президенттин басма сөз кызматы айылдын оңдоо иштерине чейинки жана андан кийинки көрүнүшү тартылган видео жарыялады.
Быйыл февралда эле Манас айылы үйлөрү менен имараттары эски, жолдору баткак, каралбай калган кыштак болчу.
«Адамдардын мындай шарттарда жашап жатканы абдан өкүнүчтүү. Мен Манастын мисалында алдыбызда кандай иштер менен маселелер турганын көрсөткүм келүүдө. Аны оңдоо абдан кыйын болот…Бирок эң оор айылдан баштабасак, анда адамдар бизге ишенишпейт. Эч качан ишенбейт», - деген Мирзиёев бир жарым ай мурда.
Андан кийин айылдагы эски имараттар түрттүрүлүп, алардын ордуларына эки кабаттуу көп батирлүү үйлөр тургузула баштаган. Заманбап бала бакча, бейтапкана, спорт аянтчасы ачылып, тери жана жүн кайра иштетүү жолго коюлду.
«Мен «Жайлуу айыл» программасын бекеринен Манастан баштаган жокмун. Анткени мында эмгекчил, асыл адамдар жашайт», - деген өзбек президенти.
30-мартта Шавкат Мирзиеёв жаңы курулган айылга барып келди. Анда мамлекет башчы агроөнөр жай комплексин, азык-түлүк класстерин жана төөнүн сүтү менен дарылоо клиникасын ачууга көңүл бурду.
Маалыматка караганда, борбордон алыста жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Учурда анда 6,5 миң киши жашайт. ММКлар тургундардын көбүн кыргыз улутундагылар түзөрүн жазып келишет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13