Акүй: АКШ жана Орусия президенттери ыктымал жолугушууну талкуулашты
Трамптын администрациясынын басма сөз катчысы Сара Сандерс эки лидердин 20-марттагы телефондук сүйлөшүүсүндө ыктымал жолугушууну өткөрүү үчүн бир нече имарат, анын ичинде Ак үй тууралуу да сөз болгонун айтты.
Сара Сандерс ыктымал жолугушуунун датасын атаган жок, жакынкы келечекте болушу мүмкүн экенин билдирди.
Буга чейин Кремлдин жогорку кеңешчиси АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинди Ак үйгө келип кетүүгө чакырганын билдирди. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 2-апрелде жаңылыктар агенттиктерине кабарлагандай, Трамп мындай сунушун өткөн айда Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганы чалганда айткан.
Дональд Трамптын Путинге телефон чалганы карама-каршылыктуу пикирлерди жараткан. Себеби анын алдында Трамптын кеңешчилери орус шайлоосундагы мыйзам бузууларды жүйө кармап, Путинди куттуктабоого үндөгөнүн маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Өткөн аптада Кремлдин маалымат кызматы орус президенти Владимир Путин АКШдан 60 орус дипломатынын чыгарылышына карабай, Дональд Трамп менен жолугууга даяр экенин, бирок “бардыгы америкалык кесиптештерге көз каранды” экенин маалымдаган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









