KELECHEK
rek

Өкмөт башчы жүргүнчү ташуудагы коррупцияны тыюуну талап кылды

Өкмөт башчы жүргүнчү ташуудагы коррупцияны тыюуну талап кылды

Премьер-министр Сапар Исаков 2-апрелде Бишкектеги жүргүнчү ташуучу ишканалардын ишмердиги боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы 2-апрелде борбор шаарда маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу боюнча айтып жатып, жарандардын коопсуздугуна багытталган мыйзамдар кыйшаюусуз аткарылууга тийиш экенин белгиледи.

Ошол эле учурда Сапар Исаков маршруттук такси айдоочуларын нааразылык акциясына чыгууга мажбурлаган айрым маалыматтар менен кабардар экенин кошумчалады. Өкмөт башчы айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар тарабынан жүргүнчү ташуу менен алектенгендерден мыйзамсыз акча жыйналаарын билээрин айтты:

- Мен Транспорт жана жол миинстрлигине караштуу Транспорттук инспекциянын ишине көңүл бургум келет. Мендеги маалымат боюнча, ар бир жүргүнчү ташыган ишкана бул инспекцияга ай сайын үч миң сомдон расмий эмес акча төлөөгө милдеттүү. Мындан тышкары жол кыймылынын схемасын түзүү үчүн, жүргүнчүлөрдү салуу үчүн, унаасын токтотуу үчүн, деги эле ар бир кыймылы үчүн айдоочулар акча төлөөгө милдеттүү. Мыйзамсыз акча чогултууну токтотуп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн талап кылынган бардык документтер менен камсыз кылыш керек.

Сапар Исаков бул маалыматтарды текшерүүнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка жана УКМКга тапшырды. Өкмөт башчы ошондой эле шаардагы транспорт маселесин жөнгө салууну, анын ичинде жүргүнчү ташууга автобустарды чыгарууну тездетүүнү да шаар бийлигине милдеттендирди.

2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, бир катар талаптарды коюшту. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү тууралуу токтомуна, бирдиктүү форма боюнча коюлган талапка нааразылык билдиришти. Айдоочулар жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары токтоп салуу жана түшүрүү үчүн айыппулдун көбөйүшүнө да каршы экенин айтышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53