KELECHEK
rek

Чек арадагы жаңжалда кыргыз жараны менен тажик чек арачысы жаракат алды

Чек арадагы жаңжалда кыргыз жараны менен тажик чек арачысы жаракат алды

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын бир жараны жана Тажикстандын бир чек арачысы жаракат алды. Тараптар 3-апрелде болгон аймактагы чатак басылып, абал турукташканын кабарлашты.

Эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын маалыматына караганда, учурда жаракат алган адамдардын абалдары канааттандыраарлык.

Кыргызстан Чек ара кызматы тараткан билдирүүдө, чатактын тутанышына Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине тургузулган дубал себеп болгону айтылат. Тыюу салынганына карабай мамлекеттик чек аранын такталбаган участкасына үчдөбөлүк тургун тосмо курууга аракет кылган. Анын тыюуну эске албай жасаган аракети Тажикстандын Исфара районуна караштуу Хожа-Аъло айылынын тургундарынын нааразылыгын жараткан.

Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, кыйкырышып аягы таш ыргытууга чейин жеткен.

Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган. Учурда Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатат.

"Фейсбуктун" колдонуучусу Каныбек Алиев аз убакыт мурдараак социалдык тармактарга "окуя болгон Үч-Дөбө айылында тартылды" делген видеону жайгаштырган. Анда бир топ адамдар кыйкырык-сүрөөн менен таш ыргытышып жатканы көрүнүп турат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара тилкесинин жалпы узундугу 971 чакырым, анын 471 чакырымы тактала элек. Эки өлкөнүн чек арасында 70ке жакын талаштуу тилке бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13