KELECHEK
rek

Өзбекстан: студенттер президенттин алдында «иш менен камсыз болгон» жаштардын ролун аткарышты

Өзбекстан: студенттер президенттин алдында «иш менен камсыз болгон» жаштардын ролун аткарышты

30-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барып, «Зарбдор текстил» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бирок Зарбдар районунун тургундары жергиликтүү бийлик анда мамлекет башчы үчүн «шоу уюштурушканын» билдиришүүдө.

«Зарбдар районуна келгенде президентти алдап коюшту. Ал күнү текстил ишканасында иштеген кыздар чынында тигүүчүлөр эмес. Алар жергиликтүү колледждин студенттери. Президент болсо буга ишенип, жергиликтүү жаштар жумуш менен камсыз болуптур деген ойдо ыраазы болуп кетти», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик кыздарды «иш менен камсыз кылынган» жаштардын ролун аткартып, президент суроо берип калса деп аларга атайын даярдалган сөздөрдү жаттаттырган.

Райондогу бир катар колледждердин жетекчилери президент Шавкат Мирзиёев үчүн жергиликтүү бийлик «спектакль» уюштурганын ырасташты.

Жизак обладминистрациясынын аткаминерлери «Зарбдор текстил» ишканасы ишин баштаганын жана жыл соңуна чейин анда 1060 иш оруну түзүлө турганын билдиришти.

«30-мартта алгачкы бөлүмү ишин баштады. Апрелдин соңуна чейин 864 жумуш оруну түзүлсө, быйылкы жылдын төртүнчү кварталында дагы 196 киши иш менен камсыз болот. Президент бул тууралуу угуп өтө кубанды» – деди акимчиликте иштеген аткаминерлердин бири.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13