KELECHEK
rek

Сулайманкулов: Өзбекстанга жайыт берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт

Сулайманкулов: Өзбекстанга жайыт берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт

Айрым басылмаларга жарыяланган бул маалымат чындыкка дал келбесин өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов "Азаттык" радиосуна билдирди.

«29-мартта Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин алгачкы кеңешинде козголгон маселелер арасында жайыт маселеси да өзбек тараптан көтөрүлгөн. Кыргыз өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев журналисттерге өзбек тарап Союз учурунда ижарага пайдаланып келген Алай районундагы Сарыташ жайлоосун ижарага алууну жандантууну сунуштаганын, кыргыз тарап бул маселе кийинчерээк караларын гана билдирген. Жайыт Өзбекстанга берилет деген сөз чындыкка туура келбейт», — деди Сулайманкулов.

Айрым басылмалар Ош облусундагы Алай районунун Сары-Таш жайлоосундагы жайытты келишимдин негизинде Өзбекстанга пайдаланууга берүү маселеси каралып жатканын, бул маселе 29-мартта Фергана шаарында кыргыз-өзбек өкмөт башчыларынын жана чектеш жайгашкан облус жетекчилеринин жолугушуусунда көтөрүлгөнүн жазып чыгышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13