Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон экинчи кылмыш иши боюнча үн катты
"Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон экинчи кылмыш иши боюнча билдирүү таратып, коюлган айыптар “ойдон чыгарылганын” айтты. Тараткан билдирүүсүндө ал эч качан бийликти басып алууну көздөбөгөнү айтылат.
“Менин, менин партиялаштарым же тарапташтарымдын бийликти басып алуу же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес, болбойт дагы! Шайлоо кампаниясын мен таза өткөрдүм, менин ак ниетимди бардык жарандар көрдү. Бийликти басып алуу такыр маанисиз! Элим өзү күбө болгондой, шайлоо бүткөндөн кийин биз бийликти басып алуу аракети эмес, ал түгүл митинг өткөргөн жокпуз. Тетирисинче, жыйынтыктарга макул болбой аймактарда көчөгө чыккан элдерди дал менин жакын адамдарым токтотуп жүрүштү”, деп жазылат билдирүүдө.
Бабанов былтыркы атаандаштык менен өткөн президенттик шайлоодо жеңүүчү демократиялык жол менен тандалганын, демек бийликти ошол киши башкарышы керек экенин белгилейт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга чейин экс-депутат Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында, Өмүрбек Бабановго да "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деп айып тагылганын кабарлаган. Өмүрбек Бабановго карата "бийликти басып алууга даярдык көрүү" жана "массалык башаламандыкты уюштуруу" фактысы боюнча кылмыш иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, козголгон.
Бул "Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата козголгон экинчи кылмыш иши. Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу"), 299-беренесинин биринчи бөлүгү ("Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу") боюнча иш козгоп, матералдарды УКМКга өткөрүп берген. Бабанов өзү Он-Адырдагы сөзү тууралуу тасманы "монтаждалган жалган жалаа" деп билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановдун чет өлкөгө дарыланганы чыгып кеткени президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий чыгарылгандан кийин кабарланган. Жаңы жыл алдында Бабанов саясаттан кеткенин жарыялаган. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидерин өз арызынын негизинде Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









